Эларалык-укуктук таануу
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)ЭЛАРАЛЫК-УКУКТУК ТААНУУ – кандайдыр бир мамлекет (эларалык укуктун башка субъекттери) менен юридикалык мамиле түзүүгө даяр экендигин жана аны менен толук кандуу дипломатиялык, өкүлчүлүк ж. б. мамилелерди колдой тургандыгын билдирүүчү мамлекеттин бир тараптуу актысы. Э. у. т-нун түпжайы конституциялык эмес жол менен, улуттук-боштондук кыймылдары же согушуп жаткан тараптар аркылуу жаңы мамлекеттер менен өкмөттөрдүн келип чыгуусуна барып такалат. Теориялык жактан алганда, кайрадан жаралган мамлекеттердин укук субъектиси катары таанылышынын зарылдыгы жок. Ошондуктан, Э. у. т. укук түзүү жагдайына караганда саясий мааниге көбүрөөк ээ болот. Алар де-факто таануу жана де-юре таануу болуп бөлүнөт.